Бүгүн, 27-августта Лейлек районунун Баул айылына жакын жердеги тоодон өрт чыкты. Бул тууралуу редакциябызга жергиликтүү тургун билдирди.
Анын айтымында, өрт бүгүн саат 13:00 чамасында чыккан.
"Токой чарба кызматкерлери жана жергиликтүү эл өрттүн бир бөлүгүн өчүргөн. Азыркы учурда тоо боорундагы арча жана бадалдар күйүп жатат",- деп билдирди жергиликтүү тургун.
Өрттүн чыгуу себеби такталууда.
Өрттүн видеосу "Санжар Калматай" Ютуб каналына жарыяланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн