Лейлек районунун борбору Раззаков шаарынын кире беришине орнотулган эстелик чын эле Исках Раззаковго түк эле окшобой калган. Кылымда бир жаралчу залкар инсанга болгон мындай шашылыш мамиледен улам көпчүлүк «Атаганат жылдызы жанып турган жакшы инсан болчу, өзүнө окшобой калыптыр» – деп өтүшчү.
Залкардын туулган жериндеги айтылган мындай ачуу чындыктардан улам, мен дагы чийки эт жегендей болуп жүргөм. Көрсө, элден чыккан чыгаан уул-кыздар ушундайда намыска жарайт тура. Бишкек шаарынын тургуну, коомдук ишмер Замир Осмонов Исхак Раззаковдун эстелигин өз каражаты менен тургузгандыгы жагымдуу жаңылык болду.
Ушундан улам Исхак Раззаков атындагы коомдук фонддун төрагасы Замирбек Осмоновго кайрылып, телефондо сүйлөштүк. «Ооба, жасатып жатабыз, буюрса бүтүп калды» – деген кубанычтуу кабары менен бөлүштү.
Такталган маалыматтарга таянсак Улуу инсандын эстелиги белгилүү айкелчилер тарабынан жасалыптыр. Буюрса 9-май Жеңиш күнүнө карата Исхак Раззаков шаарына тургузулуучу эстеликтин бийиктиги 4 метр болгон бронзодан жасалыптыр. Эстеликке, эстелик орнотулуучу пастаментке жана музейге кеткен каражаттар аз эмес экен.
Мен эртеси күнү Исхак Раззаков шаарына атайын барып жасалып жаткан иштер менен жеринде тааныштым. Замир Осмоновдун атасы Бабакул Осмоновго жолуктук. Ал киши менен мурдатан тааныш элек, жакшы маанай менен тосуп алды. Исках Раззаков музейинде куруучулар менен кошо өзү дагы аралашып, иштеп жүрүптүр. Көпкө баарлаштык.
-Экинчи уулум Замир сунуш кылып, Исхак Раззаковдун эстелигин тургузабыз деп калды. Күтүүсүз сунуш болгондуктан каражаты кандай болот деп сурадым. Биз барго, баарыбыз биргелешип, үй-бүлөбүз менен аракет кылабыз деди. Калган уул-кыздарым дагы бир пикирге келип, эртеси райондун акими менен макулдашып, аксакалдардын батасы менен баштадык. Көз коркок, кол баатыр дегендей бир эле эстелик менен пастаменти кургандан кийин, музейди дагы толук ремонттоого туура келди.
Балдарым үй-бүлөбүз менен ушундай чечимге келдик. Мен муну чооң сооп иш деп ойлойм. Анын үстүнө Исхак Раззаковдун эстелигин тургузуу бул биз үчүн сыймык болду»- дейт.
Бабакул Осмонов персоналдык пенсионер. Өмүрлүк жары Шербет Маданова экөө Ош мамлекеттик жогорку окуу жайын англис-тили факультетин аяктагандан кийин баш кошушкан. Беш уул бир кызды тарбиялашты. Чоң уулу Таалай энергетика тармагында эмгектенсе, уулу Москвадагы ФСБнын жогорку окуусун аяктап, учурда мекен кызматында. Замир Исхак Раззаковдун эстелигин курдурган уулу экинчиси. Коомдук ишмер, үч дипломдун ээси. Замирдин уулу болсо Чехияда архитектор болуп иштейт. Үчүнчү уулу Рамис ишкер. Ал эми Рамистин уулу Венгрияда иштейт. Нурпайыз төртүнчү уулу. Эки дипломго ээ болгон бул уулу эсептөө палатасында эмгектенет. Нургазы бешинчи уулу салык кызматында болсо кызы Гулзат дагы жогорку билимдүү. Ата-эне үчүн мындан ашык бакыт барбы.
Өмүрүн билим берүүгө арнаган Бабакул Осмоновду коомдук ишмер катары да жакшы билишет. Кезегинде райондук билим берүү тармагын жетектеп кийин Лейлек райондук мамлекеттик администрациясын башчысы акимдин орун басары болуп да эмгектенген.
Өз каражаттарынан айылга 2012-жылы мечит куруп беришсе, 2017-жылы Осмоновдордун үй-бүлөсү ажылык сапарга чогулткан каражатын 250 кожолукка таза-суу чыгарып беришкен. «Шаан-шөкөт менен жашап, кымбат баалуу уналар менен жыргагандын ордуна эл менен аралашып, соопчулук менен жашаган жакшы»-дейт Бабакул Осмонович.
Биз баарлашып кайттык. Баягыдай эле мен чоң элем дебестен, куруучулар менен бирдей музейдин оңдоп түзөө иштерине аралашып кетти. Таң каласың кандай соонун инсандар бар арабызда. Акмалап сураштырсам Осмоновдордун үй-бүлөсү куруп жаткан бул улуу ишке 10 млн. сомго чукул каражат жушалгандай. Эмне демекчибиз, эл арасында ушундай инсандар бар үчүн жашообуз жарык, телегейибиз тегиздир. Бар болуңуздар.
«Акча менен өлчөнбөгөн баалуу эстеликтин баасын айтуудан мурда анын тарыхтагы ордун айтканыбыз оң».
Буюрса саналуу күндөрдөн кийин Исхак Раззаков шарынын чок ортосунда Исхак Раззаковдун тазалыгын, зиректигин, даанышмандыгын даңазалаган көк тиреген айкел тургузулат. Ошентип, белгилүү коомдук ишмер Исхак Раззаковдун эстелигинин айланасындагы ар кандай чуулгандуу пикирлерге чекит коюлат. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак эстелигин жасоого, пастаментин тургузууга жана Исхак Раззаковдун мемориладык музейин оңдоп түзөөгө 10 млн. сомго чукул акча каражаты жумшалган.
Көрсө эл арасынан чыккан мыкты уул-кыздары элдин намысына жарайт тура. Осмонов Замирбек Бабакуловичтин демилгеси менен Улуу инсандын эстелиги белгилүү айкелчилер тарабынан жасалыптыр. Бизге бул жөнүндө Замирбек Бабакулович айтып берди.
– Замир мырза Улуу инсандын эстелиги жөнүндөгү ар кандай айтылып жаткан пикирлерди уксаңыз керек. Фонддун төрагасы эмессизби. Коомчулуктун бул оюн кандай кабыл алдыңыз?
– Исхак Раззаковдун эстелигин жаңылоо максатым буга чейин эле бар болчу. Туура, Лейлек районунун мамлекеттик администрациянын маңдайындагы Улуу адамдын эстелиги чын эле өзүнө окшобой калган эле. Ошондуктан жаңы-жыл алдында Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Алмазбек Рахманкулович менен акылдашып, абройлуу аксакалдардын батасын алып, залкар атабыздын айкелин баштаган болчубуз. Бүгүнкү күндө тажрыйбалуу айкелчилер тарабынан жооптуу бул жумуш соңуна чыкты. Бийиктиги 4 метр болгон эстелик бронзодан жасалды. Бүгүн эртең менен белгилүү коомдук ишмер Исхак Раззаков төрөлгөн Лейлек районунуна эстелигин жаңырттык.
– Элдин атынан сизге терең ыраазычылык. Албетте эстеликти тургузууга көп каражат кеткендир?
– Ооба, көп каражат жумшалды. Мени каражаттан мурда Улуу инсандын айкели кандай чыгаар экен деген ой көп түйшөлттү. Кылымда бир жаралчу мындай залкарлардын эстелигин тургузуунун жоопкерчилигин жон терим менен сездим. Анткени Исхак Раззаков атабыз жүзүнөн нур тамган инсан болгон. Бул кишини бир эле Кыргызстан эмес Борбордук Азиянын элдери жакшы билишет. Кыргызстанда төрөлүп, Тажикстандан билим алып, Москвадан жогорку окуу жайын аяктаган коомдук ишмер кийин Өзбекстандын да өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ошондуктан бул кишининин жүзү ишмердүүлүгү, улуулугу айтор баардык сапаттары биз тургузган эстеликте даана көрүнүп туруш керек да. Андыктан акча менен өлчөнбөгөн баалуу эстеликтин баасы айтуудан мурда анын тарыхтагы ордун айтканыбыз оң.
– Айтмакчы сиз Исхак Раззаков атындагы коомдук фондду да жетектейт эмессизби. Мындай дегеним фонддон да каражат бөлүнгөн чыгар?
– Фонддун каражаты чектелүү эле. Биз фондго качан акча жыйылат экен деп күтүп отура алган жокпуз. Пандемия болуп, Улуу инсандын 110 жылдыгы дагы ойдогудай өтпөй калды. Эми биротоло калып калбасын деп, жыл башында эле баштаганбыз. Жоопкерчиликтин баарын өз мойнума алдым. Бир эле эстелигин эмес, эстелик орнотуучу пастаментти дагы 100 пайыз өзгөртүп, бийиктиги 4 метрлик бронзодон жасалган айкел туруучу жайын жасадык.
Пастамент менен эстеликти бүткөрсөк, Исхак Раззаковдун мемориалдык музейин дагы жаңылоого туура келди. Анткени эстеликти ачуу салтанатына келишкендер музейге сөсүз киришет экен. Ошентип залкар инсандын урматы үчүн эстелигин, эстелик турчу пастаментин куруп, мемориалдык музейин толук ремонттон өткөрдүк.
– Бир эле кыргызстандыктар эле эмес бүтүндөй Орто Азия элдери урматтаган бул инсандын коомдогу орду жөнүндө эмнелерди кошумчалайт элеңиз?
– Ооба, чындыгында эле Орто Азия эле эмес, Сталин баа берген мындай инсандардын коомдогу орду башкача. Ал кишинин сүйлөгөн сөзү эле эмес, баскан турганы дагы үлгү экен. Мен Өзбекстан жана Кыргызстан мамлекеттери үчүн жасаган олуттуу эмгектерин айтпасам да эл билет. Күндү алакан менен тосо албагандай эле канчалык Исхак Раззаковго карата каралоо болбосун тескерисинче жыл өткөнн сайын жылдызы жанып барат.
Кыргызстандан кетип, Москвада Мампланда иштеп жүргөндө да орустар таң калчу экен. Исках Раззаковдун жумушка келишин чыдамсыздык менен күтүшүп, ал киши менен аз да болсо баарлашкысы келет экен. Ушунчалык таза иштеген инсан бош убактысында котормочулук менен да алектенгендигин көпчүлүк биле беришпесе керек. Менимче бул Улуу адамдын жашоо турмушу, коомдогу орду, тажыйырбасы, жасаган иши элибиздин идеологиясына айлантуу зарыл. Алдыбызда дагы бир чоң жумуш турат. Ал Исхак Раззаков жөнүндө кино тартуу. Балким, мамлекетибиз колдосо мындай залкарлардын өрнөктүү өмүрүн киного айлантып, кийинки муунга даңазалоо милдети турат. «Мен ак болсом, сен ак болсоң, коом да таза болот» деген чакырыктын өзү эле не деген чоң идеология.
Булак: “Баткен таңы” газетасы, маектешкен Адылбек Акматов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн