Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 10:21
USD
84.10
84.60
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Лейлек районунун тургундарынан 5 кг афган гашиши аныкталды (видео)

12.01.2022 12:01
998
Лейлек районунун тургундарынан 5 кг афган гашиши аныкталды (видео)

Баткендин Лейлек районунун жашоочусунун үйүнөн Ооганстанда өндүрүлгөн 5 килограмм гашиш баңги заты табылды. Ички иштер министрлигинен белгилешкендей, баңги заты атайын тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды.


"Баткен-Исфана жолунан К.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаага тинтүү жүргүзүлүп, арткы отургучунан Ооганстанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 2 килограммды түзгөн баңгизат табылган.

Ошол эле күнү Лейлек районунун Арка-2 айылындагы К.Э. аттуу жаран жашаган үйгө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, короосундагы кумга көмүлгөн 3 таңгак гашиш (чарс) баңги заты алынган.

Табылган гашиштин жалпы салмагы 5 килограммды түзөт. Кармалган жаран Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди. Учурда бул ишке тиешелүү жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн