Контрабанда менен алектенгендер атайын кызматтын адамдары менен чогуу жүрөт. Мындай пикирин Бешкент айылынын тургуну Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, контрабанда органдын адамдары көрүп туруп көрмөксөнгө салат.
"Бизде контрабанда токтоду деп айтыштын кереги жок. Күндүз дагы түндө дагы, бензинден пиязга чейин ташылып жатат. Муну органдын адамдары көрүп турат. Бул дөңдүн башында көмүрдү бири-бирине өткөрүп берип жатса, ылдый жагында пиязды өткөрүп берип жатат.
Бизде контрабанда токтобосо чек ара чечилбейт. Контрабанда ташыгандар атайын кызматтын адамдары менен чогуу жүрөт. Анан кантип чек ара чечилсин",- деди жергиликтүү тургун.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн