Бугу 22, 2025
Убакыт: 20:25
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Лейлекке айланма жолдор менен 60 тонна гумжардам алып баратабыз, - ӨКМ

01.05.2021 15:13
1029
Лейлекке айланма жолдор менен 60 тонна гумжардам алып баратабыз, - ӨКМ


Баткендин Лейлек районуна айланма жолдор менен 60 тонна гуманитардык жардам алып баратабыз. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, жүктөрдүн арасында азык-түлүк, дары-дармек, палатка, жууркан, төшөктөр бар.

“Кечээги күндөн баштап Төрт-Көчө жолу ачылгандыгына байланыштуу бүгүн 40 тоннага жакын жүктү даярдадык. Андан сырткары, Жалал-Абаддан 20 тонна гуманитардык жардам келди. Анын баарын топтоп туруп, Лейлек районунун Кулунду, Максат жана Арка айылына алып барабыз. Бирок, акыркы маалыматтар боюнча Төрт-Көчө жолу жабылды деп жатат. Биз айланма жолдор менен барганга аракет көрөбүз”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн