Бугу 13, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Лейлекке бара жаткан гумжардамды тажик тарап алып кетти деген маалымат жалган, - облус жетекчилиги

01.05.2021 16:12
1029
Лейлекке бара жаткан гумжардамды тажик тарап алып кетти деген маалымат жалган, - облус жетекчилиги


Баткенде гуманитардык жардам жеткирип бара жаткандарды тажик тарап аткылып, жүктү алып кеткендеги боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда облус башчысынын орун басары Эрлан Сапарбаев билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта Лейлекке гуманитардык жардам алып бара жаткан 18 адамды тажиктер аткылап, жүктү алып кеткени жөнүндө маалымат тараган.

«Бул фейк жаңылык. Азыр ӨКМ жетектеген гуманитардык жүк Лейлек районун жетти, Кулундуга барып калды азыр. Андай туура эмес, фейк маалыматтарды биз тастыктабайбыз. Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 60 тонна. Анда Жалал-Абад облусунан келген, Жогорку Кеңештин депутаттары берген, ӨКМ берген чатырлардан баштап тамак-аштын бүт керектүү нерселер бар. Аман-эсен жакшы жетти», - деди Сапарбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн