23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылында 2 окуучуну Тажикстандын жарандары кармап кетти. Бул тууралуу Турмуш басылмасы өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, айылдын күн батыш тарабында чек ара тилкесине жакын жерде Тажикстан тараптан белгисиз адамдар чек арадан 5-10 метр аралыкка чейин кирип келип, 11-класста окуган Ш.Ю. менен Э.Н.ны (2005-жылы туулган окуучулар) күчкө салып Тажикстандын аймагына алып кирип кетишкен.
Тажикстандыктар окуучуларга кошо Кыргызстандык ак түстөгү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны кошо алып кетишкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн