Кечээ, 25-февралда Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында жайгашкан 3 кабаттуу "Ак-Сарай" соода борбору күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат болжол менен 21:00дө түшүп, аны өчүрүүгө саат 21:10дон тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 22:40да чектөөгө алынып, түнкү саат 12:10дө толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн