Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Лейлекте 31 жаштагы адамдын үйүнөн куралдардын шаймандары табылды

25.06.2020 14:27
1088
Лейлекте 31 жаштагы адамдын үйүнөн куралдардын шаймандары табылды

 

Лейлек районунда 31 жаштагы адамдын үйүнөн ок атуучу куралдардын шаймандары алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан 253-берененин (куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын 31 жаштагы Ж.Б. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.


Иликтөө иш-чаралар учурунда автоматтын, сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдардын октору, тетиктери, бөлүктөрү, бычактар, окторду жасоочу каражаттар, ошондой эле 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал аныкталып алынган.
Алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн