Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Лейлекте 41 жаштагы киши бөтөлкөлөшүн бычактап өлтүргөн

19.06.2020 11:14
936
Лейлекте 41 жаштагы киши бөтөлкөлөшүн бычактап өлтүргөн


Лейлекте спирт ичимдигин чогуу ичип отурган адамды бычактап өлтүргөнгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер бакшармалыгынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 15-июнь күнү болжол менен саат 16:50 чамасында Исфана шаарынын 41 жаштагы тургуну Ж.Б. тааныштары 49 жаштагы Б.А. жана 41 жаштагы М.Б. болуп үчөө спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Пикир келишпестиктен өз ара айтыша кетишип, 41 жаштагы Ж.Б. колундагы бычагы менен 49 жаштагы Б.Анын денесине, моюнуна бычак сайып өлтүрүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.


Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан 41 жаштагы Ж.Б. качып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Аталган факты 130-берене (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми алынган заттарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн