Бүгүн, 11-августта 15:10дор чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында Тажикстан тараптан бир жолу ок атылып, ал ооруканын терезесинин айнегине тийди. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.
Маалыматкка ылайык, ок тийген жерден 5.45 калибрдеги АК-74 автоматынын огу табылган. Жаракат алган жана жабыркагандар жок.
Бул окуя боюнча учурда тийиштүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Телефон аркылуу сүлөшүүдөн кийин тажик тарап чек ара кзматынын өздүк составын текшерип чыгарын билдирген.
Саат 17:00дө эки мамлекеттин өкүлдөрү жолугушуп, Тажикстандын чек арачылары эч кандай ок атуу алар тараптан болбогонун билдиришкен.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн