Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Лейлекте Тажикстанга 29 млн сомдук аткезчилик менен ташылган көмүр аныкталды

12.08.2021 09:06
375
Лейлекте Тажикстанга 29 млн сомдук аткезчилик менен ташылган көмүр аныкталды

Лейлек районунун Майты аймагында аткезчилик менен ташылган 7 тонна көмүр аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, чек арадан 500 метр алыстыкта ​​чек арачылар менен УКМКнын кызматкерлери кыргыз номерлүү жүк ташуучу унаадан тажик номерлүү жүк ташуучу унаага көмүр жүктөп жатканын байкашкан. Окуя болгон жерге чек ара кызматкерлери келери менен  адамдар качып кетишкен.


Чек арачылар тарабынан Кыргызстандын бир жараны - Кулунда айыл округунун тургуну Н.Б. жана эки унаа кармалган. Кармалган жүктүн баасы 29 миллион сомду түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн