Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 08:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.045
1.090

Лейлекте Тажикстанга жер астынан күйүүчү май сордурган түтүк аныкталды

02.08.2021 11:12
1733
Лейлекте Тажикстанга жер астынан күйүүчү май сордурган түтүк аныкталды

Лейлек районунун чек арачылары Тажикстан тарапка күйүүчү майды сордуруп алып кетүү үчүн коюлган түтүктү таап, жок кылды. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында чек арачылар Лейлектин Интернационал айылында жерге көмүлүп тажик тарапка кеткен шлангды табышкан.


Ал жерди текшергенде күйүүчү майдын жана жүк ташуучу автоунаанын дөңгөлөгүнүн издери аныкталган. Тийиштүү иш-чаралардан кийин күйүүчү майды сордурууга коюлган түтүк жок кылынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн