Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Лейлекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 тонна ун таратылды (фото)

06.04.2020 10:31
960
Лейлекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 тонна ун таратылды (фото)


Лейлек районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 тонна ун таратылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. 


Маалыматка ылайык, кечээ 5-апрелде райондо жашаган жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жалпы 102,2 тонна ун, 6655 литр өсүмдүк майы, 2270 кг макарон жана башка негизги азык түлүктөр менен кошо 200 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүлгөн.


Ошондой эле маалыматта жергиликтүү бюджеттен сырткары да бир катар бей өкмөт уюмдар тарабынан ар тараптуу жардамдар берилип жатканы айтылат.  


Басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, учурда райондун 168 тонна запас уну бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн