Кулуңду айылында жергиликтүү милиция мал уурулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Лейлек РИИБнин кызматкерлери Кулуңду, Сада, Интернационал айылдарынын жашоочуларына мал уурулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. “Мал ууру” аталышындагы иш-мерчеминин негизинде милиция кызматкерлери 4топко бөлүнүп алышып, чек ара аймактарында жашаган 50гө жакын кожолуктун камтыган жарандардын турак-үйлөрүнө барып, паспорттук текшерүүлөрдү анын ичинде уурдалган малдарды аныктоо, уурдалган автоунааларды текшерүү боюнча иштерди алып барышты.
Жергиликтүү тургундарга мал сарайларды кечинде бекитүүгө, кулпуларды салууга, мал камаган жайларды түнкүсүн жарыктандырууга, талаа-түзгө малдарды кароосуз айдабоого чакырып, Таджикстандын чектешкен айылдарына убактынча өтпөй туруусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Кулуңду айыл аймагы Таджик Республикасынын Б.Гафуров району менен чектешет. Ал эми Сада айылы Тажик республикасынын Пахта-Абад айылы менен суу канал аркылуу чектешет. Бул Сада айылында жыл башынан бери 3 факт мал уурулук катталып, бети ачылган эмес. Бул боюнча ыкам тергөө иштери жүрүп, жоголгон малдар Таджик Республикасынын аймагына өтүп кеткендиги боюнча маалыматтар алынган. Бул боюнча азыр тиешелүү деңгээлде иштер жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн