Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Лейлекте эвакуацияланган эл үйүнө кайта баштады

13.04.2022 13:05
509
Лейлекте эвакуацияланган эл үйүнө кайта баштады

Бүгүн, 13-апрель саат 12:00гө карата Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташа баштагандыктан, айыл тургундары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17 миң 799 жарандын ичинен 8 миң 687 адам туруктуу жашаган ордуларына кайтышты.


Ал эми ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554 жараны толугу менен жана Баткен районунда 33 жаран үйлөрүнө кетишти.


Мындан сырткары, 80ге жакын куткаруучу тартылып, тиешелүү 7 техника даярдыкта турат. Ошондой эле жарандарды ташуу үчүн райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 44 автоунаа тартылды.


Эскерте кетсек, абал курчуган айылдардан жалпы 18 миң 507 жаран эвакуацияланып, анын ичинен туугандарынын үйлөрүнө өз алдынча жайгашканы 17 миң 799 жаран (3 миң 398 үй-бүлө), ал эми убактылуу жайларга жайгашкан тургундардын саны 708 жаранды түзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн