Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Лейлекте курулуш материалдарын чыгарган муниципалдык ишкана ишке кирди

22.11.2023 15:47
373
Лейлекте курулуш материалдарын чыгарган муниципалдык ишкана ишке кирди


Лейлек районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагынын Жеңиш айылында курулуш материалдарын иштеп чыгаруучу муниципалдык ишкана курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ишкананы курууга мамлекеттен 5 млн сом, Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан 2 млн 400 миң сом өздүк салым катары жумшалган.

Учурда керектүү бардык жабдуулар орнотулуп,ишкана алгачкы продукцияларын чыгарууда: пескоблок, брусчатка, шакектер, суу ноолору, электр мамычаларынын үлгүлөрү.

Ак-Суу дарыясынын жээгинде жайгашкан ишканада сырье маселеси жок, дарыядан эң жогорку сапаттагы кум шагылдар иштетилет.

Муниципалдык ишканада 8 жумушчу орду түзүлдү.

Ишкананы ачуунун негизги максаты — айыл аймактын дотациядан чыгуусуна шарт түзүү болуп саналат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн