Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Лейлекте күйүүчү майга болгон тартыштык маселеси кантип чечилет?

01.03.2021 18:05
1433
Лейлекте күйүүчү майга болгон тартыштык маселеси кантип чечилет?

Лейлек районунда күйүүчү майга болгон тартыштыкты жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, учурда Лейлек районунун май куюучу жайларында күйүүчү май сатылып жатат. Бирок, акыркы суткада бензинге болгон тартыштык жаралгандыгы анык. Ага Бишкек шаарынан күйүүчү майдын аз өлчөмдө келип жаткандыгы себеп болууда. Азыркы учурда Бишкек шаарынан Исфана жана Сүлүктү шаарына күйүүчү май келе жатат.

"Бүгүн, 1-март саат 13:00гө Лейлек районунда 142 миң 317 литр 92 маркасындагы бензин, 6 миң 100 литр 95 маркасындагы, 39 миң 685 литр 80 маркасындагы бензиндин, 767 миң 219 литр солярканын кору бар экени такталды. Райондо 42 май куюучу жай иштеп жатат. Анда бензин тартыштыгы жаралган, бирок дээрлик баарында солярка бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 27-февраль күнү өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте, чек аралаш аймактарда жумушчу сапары менен болгон.

Облус башчысы аткезчиликке бөгөт коюу, аткезчилик тобокелчилиги бар жолдордо көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берген. Учурда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Натыйжада акыркы эки суткада аткезчилик менен күйүүчү май ташып бараткан 5 унаа кармалды.

Ошондой эле облустагы күйүүчү майга болгон тартыштыкты жөнгө салуу максатында кошуна мамлекеттерге мыйзамдуу түрдө да күйүүчү май ташуу токтоду.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
кыргызбай
колудан бир иш келгенсип биринин бизнесин бири талашып карапайм елге зыян келтиришет. кармады жапты деген шылтоого ишенбейбиз. нефтинин баасын которууу десенер болот !