Баш оона 14, 2025
Убакыт: 11:50
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.090
1.125

Лейлекте мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси имараттары менен мамлекетке кайтарылды

27.06.2025 13:09
251
Лейлекте мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси имараттары менен мамлекетке кайтарылды


Лейлек районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 3,3 га жер тилкеси имараттары менен биргеликте мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Лейлек районунун прокуратурасы тарабынан Жаңы-Жер айыл аймагында жүргүзүлгөн текшерүүдө мурдагы автотрактордук ишканага таандык 3,3 га жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.


Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 55 млн сомдон ашык болгон жер тилке 4 имараты менен биргеликте мамлекетке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн