Лейлекте оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Раззаков – Ош унаа жолунун 330-чакырымында Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну С.Э. өзү башкарып бара жаткан DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасын токтотуп коюп, арткы дөңгөлөгүн текшергени барган учурда дөңгөлөк кокусунан жарылып кеткен. Андан жабыркаган айдоочу оор абалда Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жетпестен жолдо каза болгон.
Бул факты Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн