Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында кечээ, 2-майда кечке маал катуу сел жүрдү. Бул тууралуу жеринде күбө болгон тургундар маалымдашты.
Алардын айтымдарында, саат 18дер чамасында жаан жаап, андан кийин мөндүргөн айланган. Катуу жааган жамгырдан улам саат 20:30дарда катуу сел жүрүп баштаган.
Айрым видеотасмадан сел оргуштаган агын сууга айланып унааларды, уйларды, короо тосмолорун агызып кеткенин байкоого болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн