Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Лейлекте рейддин жүрүшүндө унааны айдап качкан жаран кармалды

22.11.2021 11:44
456
Лейлекте рейддин жүрүшүндө  унааны айдап качкан жаран кармалды

Укук, тартип иш-чарасынын жүрүшүндө автоунаа уурдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Исфана шаарынын 36 жаштагы тургуну “Ваз 2106” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп борбордук базарга кирип чыкканча, автоунаасын белгисиз адам тарабынан уурдалып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган. 

Бул арыз Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өнедүрүш иши башталган.


Лейлек районунун аймагында жүрүп жаткан “Укук, тартип” иш-чарасынын алкагында, милициянын өкүлдөрү уурдалган автоунааны урулган абалда Исфана шаарынын Т.Эрназаров көчөсүнөн таап, аны айдап качкан Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 39 жаштагы М.З. аттуу жаранын аныктап кармашкан. 


Азыркы күндө тергөө иштери улантылып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн