Лейлек районун Булак-Башы айылында кыргыз жарандары өз жерине үрөн себе албай жатат. Бул тууралуу "7-канал" билдирди.
Маалымат таянсак, айылдын тургундары өздөрүнүн жерине эгин айдоого аракет кылган. Бирок тажик тарап аймак талаштуу деп өздөрүнүн картасын көрсөткөн.
"Биз үч жылдан бери чоңдорубуз менен кошулуп барып, келип сүйлөшүп жатабыз. Бирок жыйынтык чыкпай жатат. Тажик тарап өзүнүн кичинекей картасын көрсөтүп туруп алып жатат. Жер алмашалы десек ага көнбөйт",- деди айыл өкмөтү.
Пикирлер (1)