Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Лейлекте түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө 3 уурулуктун бети ачылды

07.02.2022 15:58
1191
Лейлекте түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө 3 уурулуктун бети ачылды

Лейлек районунда кылмыштуулукту болтурбоо максатында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чарасынын жүрүшүндө уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Исфана шаарындагы Пулон, Б.Камилов, Б.Кулдошев көчөлөрүндө жашаган жергиликтүү тургундарга мал уурулуктун алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Жалпысынан 200гө жакын жарандардын турак үйлөрүнө паспорттук режимдерди өткөрүп, мал-жандыктары, техникалары текшерилип чыкты.


Иш-чаранын жүрүшүндө 3 уурулуктун бети ачылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн