Кечээ, 1-апрелде
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык
борборуна, аталган айылдын тургуну, атын атабаган жеке ишкер, баасы 15 миң
доллар турган тез жардам унаасын белекке берди. Бул
тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы
кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, мындан сырткары аталган оорукананын дарыгерлерине жугуштуу илдеттен коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн 100 миң сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.
Пикирлер (1)