Бугу 08, 2024
Убакыт: 10:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Лейлектин Максат айылындагы өрттөлгөн үйлөрдүн курулушу эмнеге жай жүрүүдө? (видео)

31.05.2021 12:40
1334
Лейлектин Максат айылындагы өрттөлгөн үйлөрдүн курулушу эмнеге жай жүрүүдө? (видео)

Ушул жылдын апрель айынын аягында Баткен облусунун коңшулаш Тажикстан менен чектеш айылдарында кандай каргашалуу окуялар орун алганы жалпыбызга белгилүү. Тажик аскерлери тынч жаткан кыргыз айылдарына бастырып кирип, минометтор менен, алтургай тик учактар менен да ок жаадырып, жырткычтык сапаттарын көргөзүштү. Кыргыз айылдарынын үйлөрүн өрттөштү. Натыйжада бүгүнкү күнгө чейин үйсүз калган кыргыз жарандары палаткаларды тигип алып, аргасыздык жашоону баштан кечиришүүдө.


Тажик тараптын агрессиясына кабылган айылдардын бири Лейлек районуна караштуу Максат айылы да болду. Жакында эле бул айылга президент Садыр Жапаров өзү барып, 17 үйдүн пайдубалы куюлганы айтылган. Бирок, тилекке каршы айылда үйлөрдүн курулушу өтө жай болуп жатканын айыл тургундары айтышууда. Эгерде азыркыдай темп менен иш жүрө турган болсо, анда белгиленген эки ай ичинде үйлөрдүн курулуп бүтүшү өтө кыйын болуп турат.


Айыл тургандары үйлөр эртерээк курулуп бүтсө, ага үй-бүлөбүз менен толук жайгашып, кадимки жай турмушка эртерээк кайтып барсак дегенде көздөрү жайнап турат. Себеби, алар үйлөрү өрттөлүп кеткени байланыштуу палаткаларда жашап, айрымдары тууган-туушкандарынын үйлөрүндө баш калкалап жүрүшөт.


13 жыл бою аталган айылдын айыл башчысы болуп келген Сапарали Адинаевдин айтымында Максат айылына 1994-жылы ал кездеги президент Аскар Акаевдин демилгеси менен 60 фин үйү курулуп берилген. Лейлек районундагы көп балалуу, жашоо-шарты оор үй-бүлөлөргө 30 соток жер тилкеси менен кошо бекер берилген. Анан 1-2 жыл жашагандан кийин суу жок, свет жок, жумуш жок, жашоо-шарт оор болгондуктан, жаштар эки жакка жумуш издеп кетип калышкан экен. Бирок, бара-бара суу чыгарылып, 1500 адамга дагы жер берилген. Бирок, жер берилген менен эле чек ара такталып калбай турганын, ошондон улам көйгөйлөр жаралып келатканын айтат Сапарали мырза.


«Урматтуу Садыр Нургожоевич, бүгүнкү акыбалды көрүп турасыз. Жаштарды бул жакка массалык көчүрүп келиш үчүн 100 кожолук жаштарга узак мөөнөттүк ссуда берсеңиз, же узак мөөнөттүк пайызсыз насыяларды берсеңиз, ипотека аркылуу үйлөрдү салдырып, массалык түрдө жаштарды көчүрүп келбесек, бүгүнкү күндө абалыбыз оор. Бүгүнкү күндө делимитация, демаркация маселеси чечилбегендиктен, 150 жашоочубуз жер талаш, суу талаш, жайыт талаш маселесинде кыйналып келет. Мындай көрүнүш жыл сайын эле болуп келатат», - дейт ал.


Ошондой эле айыл тургундары Максат айылындагы үйлөрдүн эртерээк курулушун мамлекет башчысынын көзүнүн көзөмөлгө алышын суранышат. Эгерде ал үйлөрдүн курулушуна акча каражаттары толук бөлүнгөн болсо, анда курулуштун жай жүрүп жатканына эмне себеп болуп жатат? Ушул маселеге тиешелүү мамлекеттик органдар да көңүл буруп коер деген ойдобуз. Үй-жайсыз калган мекендештерибиздин абалы ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүн оорутуп турганын унутпашыбыз керек.


Сагынбек Сатыкеев




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн