Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 04:48
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Лейлектин чек аралаш аймактарынан 13,5 миң адам көчүрүлдү

30.04.2021 11:29
801
Лейлектин чек аралаш аймактарынан 13,5 миң адам көчүрүлдү

Баткендин Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ал эми Баткен районунан 7 миң 93 адам Баткен шаарына көчүрүлдү.

“Эвакуацияланган жарандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жүктөр жеткирилүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн