Лейлек районунун Медер аттуу тургуну кыргыз коомчулугуна ыйлап кайрылуу жасады. Бул тууралуу видеону Толгонай Амирова билдирди.
Анын айтымында, Лейлекте барып жаткан гуманитардык жардам жетиштүү.
"Мен кыргыз элине кайрылат элем. Азыркы учурда келип жаткан гуманитардык жардамдар жетиштүү. Бирок акчалайда жардам сурайт эле. Мына менин жанымдагы киши ушул турушу боюнча калган. Башка эч нерсеси жок, үйнөн эч нерсе калган эмес.
Чет өлкөдөн, башка облустардан акчасын которсоңуздар мен ушундай адамдарга курулуш үчүн материалдарды бекер ташып берем",- деп кайрылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн