Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 04:34
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

“Лейлектин жетекчилерине кайрылам, жардам бербесе генералдын өзүнө кирем”

01.10.2024 11:12
592
“Лейлектин жетекчилерине кайрылам, жардам бербесе генералдын өзүнө кирем”


Биздин редакцияга Лейлек районунун тургуну, учурда Бишкек шаарында иштеп жаткан Нурланбек Кылычев кайрылып, аталган райондун Ак-Арык айылдагы ээн жаткан үйүн Тажикстандан көчүп чыккан Аваз аттуу адам ээлеп, бактарын каалагандай кыркып пайдаланып жатканын айтып кайрылды. Анын айтымында, Аваз деген жаран баскынчылык аракетин телефон аркылуу сүйлөшүүдөн кийин да токтоткон эмес.


“Аваз деген киши менин үйүмдү коңшуларга “сатып алдым” деп пайдаланып жатыптыр. Канча мээнет менен эптеп өстүргөн бактарымды кыркып, тыптыйпыл кылып, короомду унаа токтотуучу жайга айландырыптыр. Үйдүн ичиндеги курулуш материалдарымды сыртка чыгарып, короомду каалагандай булгаптыр. Кыскасы “жер ээн калса доңуз дөбөгө чыгат” болуп жатыптыр. 10 жылдап күнү-түнү иштеп тургузган үйүмдүн документ жагынан да эч ким талаша албайт. Ар бир кышына чейин чекемден тер чыгарып куруп, ал жерде уулдарыма той бергениме да жалпы эл күбө. Өзүнө чалсам “ менин күчтүү тааныштарым бар, колуңдан келгенин кыл” деп зөөкүрлөнөт. Ал жака барып келгенге шартым чамалуу болуп турат. 5 балам менен батирде турам, өзүм Дордой базарында араба түртүп иштеймин. Лейлектин акимине, УКМКнын бөлүмүнүн жетекчисине, милиция, прокуратура башчыларына расмий кайрылам. Мага жардам бериңиздер. Лейлекте мыйзам иштесе Аваз дегенди токтоосуз камакка алып, менин мүлкүмө айбанчылык менен зыян кылган чыгымын төлөтүп бериңиздер. Сиздерге ишенип кайрылып жатам. Эгер жардам бербей, мыйзамды иштете албасаңыздар урматтуу генерал Камчыбек Ташиевдин өзүнө жолугам. Тааныштар жардам берип, генералга киргенге жол бар деди. Мага окшоп жапа чеккендердин таламы үчүн тик турат деп ишендирди. Андыктан урматтуу аким Канимет Бийзакович сизден көптөн көп өтүнөм! Мамлекеттин, мыйзамдын күчү бирөөнүн мүлкүнө мыкаачылык менен кол салгандарга кандай иштей турганын далилдеп бериңиз”, - дейт Кылычев.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Саттаров Ж.А.
Бироонун мулкуно кол салган Жаратканга да жакпайт,андыктан андай озум билемдик менен башка жарандын менчигине ээлик кылгандарды тез арада мыйзам чегинде жоопко тартуу керек
Бекиш
Ташиевге кайрыл туз эле