Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:48
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Лейлек районунда күйүүчү май маселеси чечилди

03.03.2021 17:02
1377
Лейлек районунда күйүүчү май маселеси чечилди

Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирген.


Маалыматка  ылайык, бүгүн, 3-мартка карата райондо күйүүчү майдын жалпы запасы 808 миң 410 литрди түздү. Анын 589 миң 60 литри солярка, 41 миң 750 литри Аи-80, 170 миң 600 литри Аи- 92, 7 миң литри Аи-95 үлгүсүндөгү бензин.

Акыркы эки күн ичинде Исфана шаарындагы күйүүчү май тартыштыгы орун алган май куюучу жайларга, күйүүчү май жеткирилип, тартыштык жөнгө салынды.

Учурда Исфана шаарындагы май куюучу жайларда кезек күткөн унаалар жок, бензин 45,50 тыйындан сатылууда.

Бул күндөрү соляркага муктаждык болгон жок, дээрлик бардык май куюучу жайларда солярка жетиштүү болду, жазгы талаа жумуштарына кедергеси тийген жок. Тартыштык негизинен Аи-92 үлгүсүндөгү бензинге болгон.

Белгилей кетсек, күйүүчү майдын тартыштыгына Бишкек шаарынан базадан аз өлчөмдө чыгуусу себеп болсо, баасынын жогорулоосуна Россия мамлекетинде, жалпы эле дүйнөлүк рынокто жогорулагандыгы себеп болууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн