Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:25
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргыз саясатчылары кулчулук сезимден качан кутулушат?

11.11.2020 10:38
847
Кыргыз саясатчылары кулчулук сезимден качан кутулушат?


Көз карандысыз, суверендүү өлкө болдук деп төбөбүз көккө жете сүйүнгөн күндөн бери карай отузунчу жылга аяк басты. Өзүбүзгө гана тиешелүү Туубуз, гербибиз, гимнибиз, улуттук валютабыз, айтор мамлекеттик символикаларыбыз бар. Бирок, тилекке каршы ушул күнгө чейин ар кандай шайлоолордун алдында Россия Федерациясынан колдоо күткөндү токтотпогон саясий лидерлерибиз да бар болууда. Президенттик шайлоолордун алдында ага ат салыша турган айрым талапкерлерибиз да, парламенттик шайлоолордо саясий партиялардын лидерлери да Москвага учуп, жок эле дегенде Кремлдин жанына барып сүрөткө түшүп келе калышат. 


Бул жолу да андай көрүнүштөн куру калбадык. «Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кремлде чоң колдоого ээ болгонун эшиттим» деген сыяктуу пиар-жүрүштөр интернеттеги социалдык түйүндөрдө жасала баштады. Андагы маалыматтарда Мадумаровдун Кремлде туруп Россиянын 1-каналына маек берди деп айтылат. Азырынча бул маек эфирге чыгалек. Бирок, алдын-ала жарыяланган фото-сүрөттөргө караганда маек Кремлдин ичинде эмес, анын маңдайындагы мейманкананын имаратында уюштурулганын оңой эле байкоого болот. Себеби, мейманкананын терезесинин сыртынан Кремль көрүнүп турат. 


Макул Кремлдин төрүндө отуруп алып маек берген күндө да аны менен мактанууга кандай негиз бар? Эмнеге биздеги мамлекет башчысы болом деген амбициялуу саясатчыларыбыз баары эле шайлоолордун алдында Кремль тарапты кылчактап карап калат? Же Кыргызстандын президентин Кремль шайлайбы? Шайлоочуларыбыздын баары ошол жакка көчүп кетти беле?


Ырас, мындай пиар-жүрүштүн арты менен өздөрүнө саясий салмак кошкулары келип жатканы түшүнүктүү. Биринчиден, «Мына мени Россия бийлиги да колдоп жатат, салмагымды байкадыңарбы?» деген кыяздагы өзүнүн оппоненттерине кыр көрсөтүү болсо, экинчи тарабынан ошол жакта жүргөн мигрант-мекендештерибиздин көңүл чордонунда болуу. Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин саны бери жагы жарым миллиондон ашат. Анан ал мекендештерибиз салган акча менен тиричилик жасап жаткан Кыргызстандагы ата-эне, тууган-уруктары бар. Кремлди айланчыктаган талапкерлердин көздөгөнү да ошолордун добуштарына ээ болуу болушу мүмкүн. 


Эгерде биз мына ушундай жол менен шайлоолордун алдында эле кайсы бир мамлекеттин колдоосуна ээ болгубуз келе берсе, анда кантип өзүбүздү толук кандуу көз карандысыз мамлекетпиз деп айтабыз? Башка мамлекеттин лидерлеринин колдоосун күтүү менен бийлик башына келген саясатчы кантип алар менен кийин теңата кызматташат? Кыргызстандан башка кайсыл мамлекеттин талапкерлери шайлоолордун алдында Кремлди же дагы кайсы бир мамлекетти айланчыктап, «мени колдоп жатат» деп пиар жасоодо? Биздин саясатчыларга гана тиешелүү көрүнүш бул. Демек, ошондо кыргыз саясатчылары кулчулук сезимдин курмандыгы болуп келет десек болобу? Качан ошол сезимден биротоло кутулган, башка мамлекетке эмес, өз элинин колдоосуна таянган лидерге ээ болобуз?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Адилет
Жапаровду кабыл албай, Мадумаровду ушундай сый урмат менен тосуп алганына ич күйдү кылып жүрүшөт көбү. Жапаров телефондо сүйлөшүп коюңузчу деп суранып жүргөнү менен иши жок