Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:55
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Лифттин түрлөрүн чыгарат. Кыргызстанда биринчи SKY INDUSTRIAL GROUP көп тармактуу заводу ачылды

22.03.2022 14:18
358
Лифттин түрлөрүн чыгарат. Кыргызстанда биринчи SKY INDUSTRIAL GROUP көп тармактуу заводу ачылды

Чүй облусунда Кыргызстанда биринчи SKY INDUSTRIAL GROUP көп тармактуу заводунун ачылышы өттү.


Иш-чарага КР президентинин администрациясынын башчысы – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, чиновниктер жана компаниянын кызматкерлери катышты.


Акылбек Жапаров өз сөзүндө аталган заводдун ачылышы өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым болорун, КР өкмөтү заводдун мындан аркы ишине ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгиледи.


“Жакында биз министрликтерди, ведомстволорду, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясын көп кабаттуу имараттарды курууда ата мекендик компаниянын лифттерин колдонууга милдеттендиребиз. Мындан тышкары, мамлекеттик объектилерди курууда дагы ата мекендик продукцияны колдонобуз”, - деди ал.


Өз кезегинде SKY INDUSTRIAL GROUP корпорациясынын президенти Рахат Жунушбаева Кыргызстанда биринчи жолу ушундай деңгээлдеги завод ишке берилип жатканын билдирди.


“Заводдун негизги максаты жаңы технологияларды жайылтуу, жаңы жумушчу орундарды түзүү, инвестицинын кайтарымдуулугу, Made in KG маркасы менен дүйнөлүк рынокко чыгуу, атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгаруу болуп саналат”, – деди ал.


Ошентип, заводдо заманбап лифт жабдууларын жана ар кандай конфигурациядагы көтөрүүчү механизмдерди, тактап айтканда жүргүнчүлөрдү ташуучу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу лифттер; панорамалык лифттер; оорукана лифттери; курулуш; кичинекей жана чоң жүк көтөргүч лифттерди чыгаруу пландаштырылууда.


Мындан тышкары, 2029-жылга карата өндүрүштү кеңейтүү жана брондолгон жана жылма эшиктерди, дизайнердик металл эмерек өндүрүү, коомдук тамактануу ишканалары үчүн термикалык жана нейтралдык жабдууларды чыгарууну киргизүү пландаштырылууда .


Жабдууларды жасоонун бардык технологиясы Кыргызстандын, Түштүк Кореянын жана Кытайдын адистери менен биргеликте иштелип чыкканы айтылат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн