“Барселона” командасынын капитаны Лионель Месси коронавируска каршы Каталония бейтапканасына кайрымдуулук кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Аргентиналык футболчу коронавирусту изилдеген Hospital Clinic бейтапканасына 1 миллион евро берген. “Леого ыраазычылык билдиребиз”, - деп клиника билдирүү жасаган.
Мындан сырткары Месси Аргентинанын бир катар ооруканаларына кайрымдуулук кылганы да айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн