Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Ливерпуль” футбол боюнча Англиянын жаңы чемпиону

26.06.2020 10:49
960
“Ливерпуль” футбол боюнча Англиянын жаңы чемпиону


“Ливерпуль” командасы акыркы 30 жылдан бери биринчи жолу өлкө чемпиондугун жеңип алды. Бирок, быйылкы чемпионаттын аяктоосуна дагы жети тур бар. Кечээ, турнирдик таблицада экинчи орунда келе жаткан “Манчестер Сити” командасы “Челсиге” 1:2 эсебинде утулуп калды жана машыктыруучу Юрген Клопптун командасын кууп жетүү шансынан ажырады деп билдирди  ТАСС агенттиги.


Ангиянын 19-жолку чемпиону “Ливерпулдун” активинде азыр 86, ал эми 20 жолу чемпиондукту жеңип алган “Манчестер ситиде” – 62 гана упай бар.


“Ливерпуль” улуттук чемпионатта 14 ирет экинчи орунду ээлеген. Жети жолу Англия кубогун, сегиз ирет Англиялык лиганын кубогун жеңип алган. Чемпиондолр лигасында алты жолу мыкты аталып, УЕФА Кубогун (азыркы Европа лигасы) үч ирет уткан.


Немец машыктуруучусу Юрген Клопп “Ливерпулду” 2015-жылдын октябрынан бери жетектейт. Ага чейин дортмунддук “Боруссия” менен иштеп, команданы эки ирет Германиянын чемпиону кылган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн