Россия Федерациясы Европа өлкөлөрүнүн санкцияларына жооп иретинде алюминий металлын сатууга тыюу салган. Бул тууралуу "Лента" маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 3-мартта Лондон биржасында алюминийдин баасы рекорддук баага жетти. Ага ылайык, 1 тонна алюминийдин баасы 3600 долларга жетти.
Белгилей кетсек, алюминий Россиядан Европага кеңири экспорттолгон металлдардын бири.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн