Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева Казакстандан ири көлөмдө акча чыгарып кеткени айтылууда. Бул тууралуу англиялык The Sunday Telegraph жазды.
Маалыматта айтылгандай, Назарбаева 2006-жылы Лондондон үй сатып алат. Ал Улуу Британиянын жарандыгын алууга аракет кылган.
Алия Назарбаева 8,5 миллион долларга Лондондон, 14 миллион долларга Дубайдан үй сатып алган.
Ошондой эле Назарбаева швейцариялык банктын 51 пайыз акциясын сатып алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн