Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:05
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Лоренс Деона, Швейцария жазуучусу: “Крым Россиянын тарыхый жери. Путин мырза болгону тарыхты ордуна койду”

25.12.2020 10:53
552
Лоренс Деона, Швейцария жазуучусу: “Крым Россиянын тарыхый жери. Путин мырза болгону тарыхты ордуна койду”


Лоренс айым быйыл 84 жашта. Ушул жылы бир китепти бүтүп, ушул жылы кайра экинчи китепти жазып баштады. “Мен күндүзү эмес уктаарда да бетиме макияж коюп сулуу болуп уктагым келет” деп күлүп калат. Абышкасы 94 тө. “Байкуш чалым, карыды!” деп колдорунан кармалап коет. Абышкасы күндө эшикке өзү чыгып сейилдеп келет экен бирок күндө кайра үйгө кирерде үйдү же кире бериш кодду таппай, унута берет экен. Ошол үчүн чөнтөгүндө дайыма үйдүн дареги, эшиктин коду, аялынын телефон номери баарысын жазып салып беришет. Керебетинде, тамак ичкен үстөл бетинде чоң болуп кагазда жазылып, чапталып турат: “Саат 7де дарыңды ич!” деген. Лоренс убактысынын көбүн иш бөлмөсүндө өткөрөт. Маңдай жагында Алматада, советтик казак жоокерлер менен түшкөн сүрөтү турат. “Нурсултан Назарбаевдин кызы Женевадан 75 миллион франкка (!!!) вилла сатып алып жашап атат. 75 миллион эмес 5 миллионго деле канышадай жашаса болоор эле да… Уялышпайт! Казак эли кандай кыйынчылыкта жашап атканын мен жакшы билем да” деп ал жакта көргөн, билгенин айтып берет. Сүйлөгөнү, жазганы, турган турпаты толук бойдон саясатка малынган жазуучу. Дүйнөдө эмне кызык болуп атса бүт кызыгат, дүйнөдө кайсы эл азап чегип атса ошону сүйлөйт, менин өлкөм, сенин өлкөң деп бөлгөн түшүнүк жок, туура эмеспи, өз өлкөсүнөн, мамлекетинен же башкадан кылайып коркпойт, кылчактабайт, жалтактабайт, баарын сындап, түз айтат. Көп сөз айтылып бүткн соң: “Узак жашоонун сыры барбы?” дейм. – Мен адамдарды, жашоону, кылганымды, итти, мышыкты, бардык айбанатты айтор баарын сүйөм. Сыры ушу го” деп күлүп коет. Төмөндө узак кептин бир бөлүгүн бөлүшөйүн. Бир суроом кадимки Крым жери тууралуу болчу…

- Россия менен Украина чыны менен бири-бирине окшош, кандаш жакын эл. СССР аларды ого бетер жакын кылып, камыр-жумур жашатып келген. Ошонун шарапаты менен 1954-жылы Россия Крым жергесин Украинага өткөрүп берген. Бул демек болгону саясий ынтымактык артында чечилген чечим болгон. Болбосо тарыхый жактан Крым толук бойдон Россияга карайт, ал Россиянын жери. Ал жердегилер орусча сүйлөйт. Тили да, дили да орус ал жердин. Туулган күнгө торт көтөрүп баргандай эле досчулуктан улам берилип калган жер болчу ал. Илгертен Киевде жашап калган менин алысыраак тууганым бар эле, өтө билимдүү адам. Ошол 50-60-жылдары сүйлөшкөн сайын Крымдын тарыхын суу-булагына чейин айтып берчү. Көз жоосун алган андай жер орустарга тиешелүү экенин ошондо эле жакшы билээр элем. Ошентип кечээ жакында Крым жери кайрадан Россия курамына өттү. Демек, өзүнүн тарыхый жерине, байыркы мекенине өттү. Путин мырзанын “Крым биздики!” дегени бул толугу менен нормалдуу, туура чечим болгон. Путин мырза болгону тарыхты ордуна койду. Ал үчүн аны жаман көрө бергенибиз туура эмес.

- Бул демек Россия тараптан “тартып алуу же агрессия” эмес экен да?

- Эч кандай. Бул болгону Путиндин тарыхка, логикага таянган аракети. Анан эле алардын тарыхын билип-билбей туруп тиги жактан АКШ кийлигишип жатпайбы, санкцияларын ала чуркап.

- Анын ичинде Европа өлкөлөрү дагы… Мен Американы кое туруп өзүбүз турган Европаны сурайынчы, Россия президенти Путинди бул жакта көпчүлүгү мынчалык монстр катары көрүшүнүн тарыхый маңызын ачып берсеңиз?

- 1945-жылы Экинчи Дүйнөлүк Согуш бүтөөрү менен “оо, мына Америка бизди нацизмден куткарып берди, бизди сактады! Америка деген керемет өлкө, жакшынын жакшысы” деген АКШ ны болуп көрбөгөндөй идеалдуу көргөзгөн өзгөчө саясат жүргөн. Бизди ошентип үйрөтүп, ошол маанайда тарбиялаган. Туура, АКШнын нацизмге каршы күрөшкөнү чын бирок СССРди кантебиз, ошол биз айтып аткан эркиндик үчүн миллиондогон элин жоготкон советтик элдин баатырлыгын кай жакка жашырабыз! Жок! Ал айтылчу эмес. Экинчи Дүйнөлүк Согушта СССР элинин тарткан азабын анчалык чагылдырчу эмес. Мына кечээ жакынга чейин деле колунан келсе тарыхты башка өңүткө буруп кеткилери келип турбадыбы. Бирок тарыхты антип караган болбойт да! Азыркы күнү да өзгөчө Батыш Европанын айрым адамдары бизди фашизмден куткарган жалгыз Америка! деген ишенимдүү ойдо жүрүшөт.

- Сиз маселен согуш бүткөн жылы 8-9 жаштагы өспүрүм экенсиз, ошол күндөр эсиңиздеби?

- Кантип унутайын. 1945-жылдын май айын кантип эсимен чыгарайын! Биздин үй Женева менен Франциянын дал чек арасында болоор эле. Мен мектептен чыгып бий кружогуна катышып, көнүгүп атканбыз. Бир маалда эле Франция тараптан биз жакты көздөй болуп көрбөгөндөй кыйкырык сүрөөн менен калың топ эл келатат. Согуштан жалккан жаныбыз корголой баштасак эле жок, баягылар: “Ур-раа! Согуш бүттү! Жеңиш келди! Жеңиш!” деп кыйкырып келатышыптыр. Көрсө, ал көпчүлүктүн арасында америкалык жоокерлер да бар экен. Эл ошолорду коштоп, алкап атышыптыр. Мына ошол 8-май күн болчу. Мен жана менин баардык мектептеги курдаштарым америкалык жоокерлерди ошондо эң биринчи ирет көргөнбүз. Алар бизге чыны менен зордон зор адамдар болуп көрүнгөн. Ошондо мен өмүрүмдө биринчи ирет өңү кара адамды, америкалык кара жоокерди көргөм, биринчи жолу! Анан да алар бизге сырты оролгон башкача шоколаддарды, эң башкысы чайнаган сагыздарды беришкен. Биз, курбуларым болуп ошентип сагызды америкалык жоокерлердин колунан көргөнбүз. Ушул сыяктуу жаңылыктар Европага да алгачкы ирет Америкадан келген эле. Ошентип америкалык жоокерлерди элдин баары ортого алып кучактап, колго салып көтөрүп… ошо күндөн тарта алар биз үчүн куткаруучу, баатыр элге айланган. Ошондон баштап Американын дымагы катуу кеткен. СССРди теңине албай, ага байланыштуунун баарын душман көрүп, мындан ары дүйнөдө “Мына биз! Биз гана!” деген ири саясатты башташкан. Калганы эми узак сөз, кыскартып айтсам аягы келип мына бүгүн өзүмчүлдүгү артып дүйнөгө жарыгы тийип турган БУУну, ЮНЕСКОну, Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмун каржылоодон баш тартып адамдык, гумандык сапаттан тайып турган чагы.

- Американы айтып калдыңыз, АКШ сиз үчүн эң биринчи кезекте эмне? Сиз үчүн эмненин символу дегендей?

- Америка мындан 200 ашык жылдар мурда эле түзүлгөн жаңы өлкө. Ошол жаңы мамлекет катары түзүлгөн жылдары анын алгачкы президенттеринин бири айткан: “Биздин девиз – бизнес, бизнес жана бизнес!” деп. Көрдүңүзбү, баалуулуктун баалуулугун бизнес деп билгендер өтө көп иштерге “жөндөмдүү” келишет. Анан да Америка дүйнөдө динди өтө катуу тутунган өлкө. Булар үчүн парадокс ушунда: бир жагында эң культ тутканы – бизнес, акча! Экинчи жагында дин, кудай! Динди тутунган дин менен акчаны тутунган дин – экөө тең алар үчүн тең иштейт. Мына Америка дегенде мага эмнелер элестейт.

“Ачык саясат” гезити
Жеңишбек Эдигеев, журналист

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн