Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:30
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Лотерея ойнотом деген жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

23.12.2022 17:21
790
Лотерея ойнотом деген жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

Лотерея ойнотом деп алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну Н.У. 2022-жылдын апрель айында Ютуптан лотерея ойноткон жаранга М-Ваnk капчыгы аркылуу терминалдан 99 миң сом акча которгонун жана бүгүнкү күнгө чейин лотерея ойнотпой, качып жүргөнүн билдирип, арыз менен кайрылган.


Бул арыз Баткен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Баткен ОИИБдин милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында лотерея ойнотом деген жаран Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, 2022-жылдын 21-декабрь күнү Лейлек районунун Раззаков шаарынын 23 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн