Бүгүн, 19-февралда Луганск жана Донецк элдик республикасында абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-февралда Луганск жана Донецк элдик республикасына Украина аскерлери оор курал менен аткан. Анын натыйжасында Лугансктагы айылдарда газ түтүгү жарылып кеткен.
18-февралда 6 миңдей жаран Россиянын Ростов облусуна эвакуацияланган.
РИА Новости агенттигинин маалыматына таянсак, бүгүн, 19-февралда эки элдик республиканын 60 миңдей тургуну поезд аркылуу эвакуацияланат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн