Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Лукашенко Белоруссия коронавирусту жеңгенин айтты

02.07.2020 17:57
1078
Лукашенко Белоруссия коронавирусту жеңгенин айтты


Александр Лукашенко мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Беларусь өлкөсү коронавирусту жеңгенин жар салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Өз сөзүндө Лукашенко COVID-19 менен күрөшүүдө дарыгерлердин алдыңкы орунда турганын жана алардын эмгегин баса белгилеген. Ошондой эле өлкөсү оор учурда саясий эрктүүлүк менен элинин акылмандыгын көрсөткөнүн кошумчалаган.


"Биз илдетке каршшы күрөшүнү токтотпойбуз, бирок биз бүгүнкү күндө жеңдик деп айтсак болот. СОVID-19ду толугу менен жеңгенден кийин, ак кызматын өтөп жаткан дарыгерлер менен өзүнчө сөзсүз жолугабыз”, - деген Лукашенко.


Соңку маалыматтар боюнча, Белоруссияда коронавирус инфекциясы  62 миң 424 адамдан аныкталды. Алардын 398и каза болсо, 47 миң 553 бейтап оорудан сакайган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн