Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Лукашенко Белоруссияны аялзат өкүлү башкарышы мүмкүн эмес деп эсептейт

20.06.2020 17:02
1288
Лукашенко Белоруссияны аялзат өкүлү башкарышы мүмкүн эмес деп эсептейт


Президент Александр Лукашенко азырынча аял киши Белоруссиянын президенти боло албайт деген сөзүнө бүгүн 20-июнда Могилев облусунун Киров районундагы Борки кыштагына барган учурда түшүндүрмө берди. Бул жерде ал Улуу Ата мекендик согуш маалында өрттөлгөн кыштактарды эскерүү үчүн курулган мемориалдык коплекстин ачылыш салтанатына катышты.

Айтымында, айрым күчтөр аны аялдар менен кагыштыргылары келип жатышат. Ага байланыштуу аял киши Белоруссиянын президенти боло албайт деп айткан сөзүнүн маанисин түшүндүрдү.

“Мен биздин Конституция боюнча президенттик кызматтын жүгү эркек үчүн да оор, эгер аны аял кишиге артса, ал "бечара көтөрө албайт”, деп айткым келген. Мен аялдарды урматтайм, аларсыз мен президент болмок эмесмин”, - деди Лукашенко.

Эске салсак, 29-майда Минск трактор заводуна барган учурда Александр Лукашенко “Белоруссиянын Конституциясы аялга ылайыкталган эмес, белорус коомчулугу алдыдагы президенттик шайлоодо аял талапкерге добуш берүү үчүн бышып жетиле элек”, - деп айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн