Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

А.Лукашенко К.Бакиевге резиденциясынын жанынан жер тилке бөлүп берди (сүрөт)

25.06.2020 10:12
1110
А.Лукашенко К.Бакиевге резиденциясынын жанынан жер тилке бөлүп берди (сүрөт)


Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко «Заславль–2» резиденциясынын жанынан Кыргызстандын мурдагы президенти  Курманбек Бакиевге жалпы аянты 70 сотых болгон эки жер тилкесин бөлүп берди. Бул тууралуу TUT.BY басылмасы өлкөнүн Кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча бирдиктүү реестрине шилтеме кылып жазды.


Жер тилкелери Лукашенконун 2019-жылдын декабрындагы чечими менен өмүрүнүн аягына чейин «кызматтык колдонуу үчүн» берилген. 45 сотых көмөк чарба жүргүзүүгө, 25 сотых турак-жай курууга деп бөлүнгөн.




Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган. Ал бийликке «Жоогазын» революциясынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин үй-бүлөсү менен Беларусияга качып кеткен. Кыргызстанда Бакиев менен анын жакындары бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып, сыртынан соттолушкан. Өзүлөрү айыптоолорду четке кагып келишет.


Курманбек Бакиев Беларусиянын жарандыгын алып, 2015-жылы ал жакта үй курган. 2019-жылы турак-жайын өзүнүн кызына белек кылган. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн