Беларусияны 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко августтагы президенттик шайлоодон бери тынч иштей албай, жүз миңдеген адам катышкан митингдер түн уйкусун бузуп келген. Ар бир жекшемби сайын уланган акциялар Лукашенкону курал кармап бийлигин коргоого чейин аргасыз кылган.
Кечээ, 27-декабрда августтан биринчи жолу митинг өткөн жок. Бул тууралуу Nexta телеграм-каналы билдиргенин “Азаттык”үналгысы жазып чыкты. Муну Лукашенконун жеңиши катары баалагандар да жок эмес.
“БУУнун эсеби боюнча Беларуста августтан бери 27 миңден ашык киши кармалган. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече киши каза болгону жөнүндө кабарлар тараган. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду”, - деп жазат “Азаттык”.
Такталбаган маалыматтарга караганда Беларусияда күн кечирип жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Лукашенкого тынбай кеңеш берип, оппозицияны кантип жайгаруу жолдорун сунуштаган экен. Сентябрь айында Минскте кырдаал кескин курчуп кеткенде Бакиевдерди Лондонго качып кетти деген да сөз чыккан. Буга жооп кылган Бакиев “мен кыйын учурда турганымда Лукашенко башпаанек берип, өмүрүмдү сактап калган. Кыйын учурда эч качан Лукашенкону таштап кетпейм” деп жооп берген эле. Демек, Беларус лидери оппозиция менен күрөшүүдө Бакиевдин кеңешин сөзсүз пайдаланган.
Пикирлер (1)