Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 17:42
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Лукашенко: Менин досум Рахмон борборду тартипке келтирүү үчүн пулемет менен кирген

05.06.2020 11:01
1215
Лукашенко: Менин досум Рахмон борборду тартипке келтирүү үчүн пулемет менен кирген

4-июнда өкмөт башчысын жаңылаган Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өкмөттүн жаңы курамын аныктоо учурунда: “Беларусь – постсоветтик мейкиндикте кайгыны көрбөгөн жалгыз өлкө”, - деп билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.


Өкмөттүн жаңыланган курамын аныктоодон кийин Александр Лукашенко мурдагы СССРдин курамына кирген бир катар өлкөлөр кандай кайгылуу күндөрдү жана жарандык согуштарды баштарынан кечиришкендигин эстеп, “республиканын эң чоң олжосу тынчтыктын сакталышы” деди.


“Каримов Анжыянда миңдеген адамдарды аттырып, тополоңду басканда баардыгы аны айыпташкан, ал эми өлгөндө өпкөлөп, боздоп ыйлашкан. Биз андайды көргөн жокпуз”, - деген белорус лидери Тажикстандагы жарандык согушту да эске салып: “Менин досум Рахмон борборду тартипке келтирүү үчүн пулемет менен киргендигин эч ким билбейт. Ал жерде канча адам мерт болгондугун, сакалчандар менен кантип күрөшкөндүгүн эч ким билбейт”, - деп кошумчалады.


Кошумчаласак, Александр Лукашенко президенттик шайлоого эки ай убакыт калганда өкмөттүн курамын алмаштырып, кечээ 4-июнда премьер-министрлик кызматка 46 жаштагы Роман Головченкону дайындады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн