Бугу 11, 2024
Убакыт: 23:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Лукашенко президенттик шайлоодо башкы атаандашы болуп калуучу Бабарикону каматты

23.06.2020 15:16
1364
Лукашенко президенттик шайлоодо башкы атаандашы болуп калуучу Бабарикону каматты


Белоруссияда 9-августка белгиленген президенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин шорт-баракчасы түзүлдү жана ага жети адам киргизилди.


Алардын арасында жаңы мөөнөткө шайланууга ниеттенип жаткан аракеттеги президентти катуу сындаган Валерий Цепкало, Светлана Тихановская жана Лукашенконун башкы атаандашы Виктор Бабарико бар. Бабарико экономикалык кылмыштарды жасаган деген шылтоо менен азыр тергөө абагында отурат. Бул жагдайга АКШ жана Европа тынчсызданууларын билдирүүдө. Арийне Лукашенко: “Олигархиялык мамлекет курууну көздөгөн уурулар түрмөдө отурушу керек”, - деп көшөкөрлөнүүдө.


Кечээ, 22-июнда Брестте Улуу Ата мекендик согуштун башталышынын 79 жылдыгына байланыштуу эскерүү жыйынына катышкан Александр Лукашенко: “Биз түшүнгөн демократиянын жыты бир дагы өлкөдө жок”, - деп айтты жана Франциядагы “сары желдикчендерди” кууп таратуу менен АКШдагы нааразылык акцияларын мисал келтирди. Ошондой эле ал Белоруссиядагы акыркы камакка алуулар мыйзам чегинде экендигин баса белгилеп: “Эгерде биз эгемендүүлүк жылдар ичинде бул уурулардын канат куйругун кеспесек, азыр олигархиялык мамлекетте чөгөлөп отурмакпыз. Ошондуктан, буга көңүл бурбагыла”, - деди.


Кошумчаласак, кечээ дүйшөмбүдө Белоруссиянын Борбордук шайлоо компаниясынын төрайымы Лидия Ермошина 9-августта президенттик шайлоого катышууну каалаган 7 талапкердин аты-жөндөрүн атады, алар: Александр Луакшенко – аракеттеги президент, Виктор Бабарико – Белгазпромбанктын экс-төрагасы, Валерий Цепкало – Жогорку технологиялар паркынын администрациясынын мурдагы башчысы, Светлана Тихановская (өлкөдөгү белгилүү блогер Сергей Тихановскийдин аялы), Анна Канапоцкая – парламенттин мурдагы депутаты, Андрей Дмитриев – “Чындыкиы сүйлө” коомдук бирикмесинин теңтөрагасы, Сергей Черечень – Белоруссиянын социал демократиялык “Грамада” партиясынын төрагасы.


Талапкер болуу үчүн 100 миң адамдын колун топтоо зарыл. Ал эми Лукашенконун башкы атаандашы болуусу мүмкүн банкир Виктор Бабарико башкалардын баарысынан мурда 350 миңден ашык шайлоочунун колдорун жыйнап БШКга тапшырган.


БШК төрайымы Лидия Ермошинанын айтымында, колдорду текшерүүгө он күндөй убакыт керектелет. Эгерде Бабариконун топтогон колдору 100 миңден ашык экендиги анык болсо, анын камакта отуруусу шайлоого катышуусуна таасир эте албайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн