Беларусь президенти Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу РИА Новости аталган президенттин маалымат кызматынын сайтына таянып билдирди.
"Полковниктер Владимир Куприянюк, Роман Подлинев, Николай Карпенков, Дмитрий Шахраев, Андрей Павлюченкого кезектеги генерал-майор наамы, ал эми Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы ыйгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Виктор Лукашенко 26-февралда Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттигине шайланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн