Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:07
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Люксембургдагы көчөлөрдүн бирине Айтматовдун ысымы берилди

14.02.2020 16:36
617
Люксембургдагы көчөлөрдүн бирине Айтматовдун ысымы берилди


     13-февралда Люксембургдун тышкы жана европа иштери министринин чакыруусу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Люксембургга барды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, бул министрдин Люксембургга болгон биринчи сапары.

 

     Сапардын алкагында Айдарбековдун Люксембургдун тышкы жана европа иштери министри Ж.Ассельборн менен тар жана кенен форматтардагы жолугушуусу болуп өттү.

 

     Жолугушууда Кыргызстан менен Люксембургдун ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташууну арттыруу маселелери талкууланган. Өлкөлөр ортосундагы долбоордук-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү жана кызматташуунун бардык спектри боюнча эки тараптуу байланыштарды активдештирүүү, тактап айтканда ар кандай деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруунун зарылдыгы белгиленди.

 

     Министр Ч.Айдарбеков эки тараптуу экономикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн приоритеттүүлүгүн баса белгиледи. Буга байланыштуу 2020-жылдын жай айында Бишкекте өткөрүү пландалып жаткан «Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк аракетте» деп аталган биринчи экономикалык форумдун ишине Люксембург тарапты активдүү катышууга чакырды.

 

     Мындан сырткары эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүсү боюнча сүйлөшүүлөр жана эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашылды.

 

     Кыргызстандын Люксембургдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси катары иштеген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө кошкон салымын тараптар өзгөчө белгилешти. Люксембургдун борбор шаарынын көчөлөрүнүн бирин Ч.Айматовдун атынан атоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн Айдарбеков ыраазычылык билдирди.

 

     Ошондой эле салык жана банк чөйрөлөрүндө эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн