Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Люстрация. Мамлекеттик катчы шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады

12.10.2021 18:51
790
Люстрация. Мамлекеттик катчы шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын жаңы дайындалган мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 12-октябрда, алдыдагы парламенттик шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.


Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов төмөнкүлөрдү белгиледи::


«Урматтуу замандаштар!


“Элди тажаткан, коомду ириткен саясатчылардан арылып, люстрация кылуу керек” деген талап көптөн бери айтылып келет.


Эң туура! Бул мүдөөнү баарыбыз колдойбуз. 15 жылдан бери люстрацияны ишке ашырабыз деп какшап келе жатабыз. Бирок ишке ашпай жаткан. Эми, мына, ишке ашыруу процесси башталды. Президент тарыхыбызда биринчи жолу люстрацияны жүзөгө ашыруу үчүн элге шарт түзүп берди. 36 депутат түздөн-түз аймактардан шайланып келишет. Өзүңөрдүн ишенген өкүлүңөрдү шайлап аласыңар. Бирөө-жарым кысым көрсөтүп, баланчаны шайлайсың деп кыйнай албайт. Мамлекеттик кызматкерлер тигил же бул талапкердин пайдасына иштебейт. Иштешсе жоопкерчиликке тартылып, жазасын алышат.


54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Мурдагыдай тизме башына төбөсү көрүнгөн, акчалуу саясатчы туруп алып, партиясын өткөрүп, артынан 20-30 элге жакпаган депутаттарды ээрчитип келмей жок. Эми мындан ары партияга добуш берип, анын ичиндеги өзүңөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиңер. Добуш албаган талапкер өтпөйт. Мына силер жасай турган люстрация, урматтуу замандаштар!


Айрым радикалдуу жарандарыбыздын оюна койсо, “жакпаган саясатчылардын баарын тизип туруп атыш керек” дешет. Азыр 21-кылым. Андай кылган болбойт. Азыркы метод - эң туура метод. Саясатчымын деген жаран үчүн элдин добушун албай, көпчүлүктүн ишеничинен кетип, парламентке өтпөй калуудан өткөн жаза жок. Мына жаза, мына люстрация деген ушул.


Эн негизгиси, өзүңүздөр добушуңуздарды сатпасаңыздар болду.


Тескерисинче, сатып алам дегендерди ашкерелеп, кармап берип турсаңыздар шайлоонун таза өтүшүнө чоң жардам берген болосуздар.


Шайлоонун таза өтүшү тууралуу маселе боюнча президентибиз 21-октябрь күнү жалпы республикалык кеңешме өткөрүп жатат. Айыл өкмөттөрдөн баштап, Өкмөт башчысына чейин бардык жетекчилер катышат.


Ошол жерде кеңири сөз болот», – деп айтылат мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун кайрылуусунда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн