Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

МАИчилер Садыр Жапаровдун саясатына каршыбы?

05.11.2020 09:31
4452
МАИчилер Садыр Жапаровдун саясатына каршыбы?

Президенттин убактылуу милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кызматка киришкенден тарта эле коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, мындай көрүнүштөрдү таптакыр жок кыла турганын убада кылган. Акырындык менен коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы менен, айрым тармактарда паракорлук кайра күч алды.


Маселен, Сооронбай Жээнбековдун тушунда Бишкек шаарында Патурулдук милиция түзүлгөн. Бул кызматка чет тилдерди билген, ошол эле учурда билими мыкты жаштарды кабыл алган эле. Мурда МАИде иштеген чоң курсактуу паракорлор сынактан өтпөй калганда сүйүнгөнбүз. Жаштардан куралган кызматта иштегендердин маяналары да 30 миң сомдон кем болгон эмес. Эң негизгиси аларга коомдук коопсуздукту, ошол эле учурда жол коопсуздугун камсыз кылуу тапшырылган жана көчөдө туруп алып ары-бери өткөн унааларды токтотуп, аларды тономой деген токтотулган. Муну өкмөт расмий токтому менен бекиткен.


5-октябрдагы бийлик алмашууга чейин Патрулдук милициянын кызматкерлери өкмөттүн токтомуна баш ийип жолдо тосчу эмес. Тилекке каршы, акыркы кездери бул кызматтын адамдары жашынып туруп унаа тосуп, элди тоной баштадыбы? Азыр Бишкектин көчөлөрүнүн ар кайсы бурчуна туруп карапайым калкты эзгени чынбы? Садыр Жапаров жана анын командасы бул көрүнүштү билеби? Улан Ниязбеков деген министр ушундай жол менен Жапаровду жек көрсөткүсү келип жатабы? Же МАИчилер элдин "жонунан тилип" тапкан акча менен жаңы бийликтегилер бөлүшүп жатабы? Тез арада мындай "акмакчылыкты" токтотпосо жаңы бийликтин түбүнө көчөдө туруп калктын канын соруп жаткан МАИлер жетет! 


Канатбек Аскаров


Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Жоодар
Чын эле булар элди эзе баштады. Садыр мырза чара корбосонуз болбойт. Сокенин тушунда жолдо тосмой токтоду эле кайра куч алды сиз келип.
Максат
Эшек мее экенсин автор. Беш колун Тен эмес. Элдерда ошондой. Жол эреже сактабагандардын айынан канча денег инсандар о дуйного кетип жатат. Эн жакшысы эреже менен жашагыла. Буздунбу эреже протокол туздуруп мамлекеттин буджетине акча толо.
Бек
Кызык адам екенсинер , жол эрежени бузбасанар силерге ким емне дей алат, кеп милиция да емес , кептин баары озубуздо , туура журсон баары жакшы болот , кылык жоруктун баарын кылып койуп башкалардан куноо издей баштайбыз , автордун берилген пикир маселе туура емес багытта жайылыптыр , бийликтин емне тийешеси бар бул жерде , акыры жол эрежени бузбагыла деп угуттогондун ордуна дал чыр кылгандан пайда чыгарайын деген максат койулуптур !
оо
ооба, туура. Таягын сороктотуп бул ГАИлер жаңы бийлик келгени кайра жайнап кетти. Көчөгө чыксаң кеминде эки үч жолу токтотуп шайыңды оодарчу болду. Буларды жаңы бийлик эмне, бюджетти толтургула дегенби? Жечөнтөктүбү? Садыр тыйып койсоң боло, айланайын.
Аида
Баягы тонкоруш убагында кыйын эле болдуго милиция жок! Нарушения кылбасанар неге сизден Акча сурамак эле, автор акмак!