Жаңы бийлик келгенден бери МАИ кызматына нааразычылык күч алды. Алар акыркы күндөрү жолдун ар кайсы жерлеринде ары-бери өткөн унааларды токтотуп, алардан акча алып жатканы айтылууда. Интернет булактарына жакында эле тартылган дагы бир видео жарыяланды. Анда болжолдуу Сокулук районунун аймагындагы МАИчилердин жосунсуз жоругу баяндалган. Анда тасмага түшүргөн адам “ала таякчандардын” өтө эле чектен чыгып баратканын айткан.
Чынында акыркы кездери МАИлердин аракетине даттангандар көбөйдү. Жаңы министр бул тармакты тартипке келтирип, жолдо тоскон кызматкерлерин тыйышы керек. Жол коопсуздугун камсыздоонун башка заманбап жолуна өтсүн да. Бул кетиште президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду уят кылат го...
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн